347 жүргүнчүсү менен учуп бараткан учактан өрт чыкты (видео)

Автор -

Лос-Анджелестин жашоочусу 22-ноябрда учуп баратып күйүп жаткан учакты видеого тартып алган.

Видео Twitter баракчасына жарыяланып, көпчүлүк колдонуучулардын көңүлүн бурган. Лос-Анджелестен Маниланы көздөй учкан учактын ичинде 347 киши болгон.

Бактыга жараша, эч ким жаракат алган эмес. Учак бир сааттан кийин кайра аэропортко кайтып келген. Техникалык адистердин айтымында, өрт механикалык мүчүлүштүктөн улам чыккан.