Сууктун түшүшү менен автоунаалардан пайдаланылган уулуу газдардын нормадан ашык бөлүнүп чыгышы көбөйөт, шаардыктар үйлөрүн жана мончолорун таштанды жана желим менен жылытып башташат. Мунун баары калаадагы абанын булганышына алып келет.
Мындай учурда эмне кылуу керек? Бишкек шаарынын мэриясы калаа тургундарына өзүн алып жүрүүнүн жол-жобосун таратты.
Негизи аба сапатынын индексинин көрсөткүчү нөлдөн беш жүзгө чейин барат. Канчалык жогору болсо, аба ошончолук кир. Мэрия бүгүнкү күндө Бишкекте индекс элүү менен жүздүн ортосунда турганын билдирет. Бул — өтө жаман эмес көрсөткүч.
Ошентсе да, мэрия шаар тургундарын өздөрүн жана бири-бирине аяр мамиле кылууга, мештерине таштанды, желим жакпоого чакырат.
Анда эмесе, мэриядан гайд:
- Организми анча-мынчага бат реакция кылган адамдарга бет кап кийип жүрүү сунушталат;
- Мүмкүнчүлүк болсо, үйгө аба тазалоочу жабдык коюу керек;
- Уйдү желдетем деп терезени көп ача бербеңиз;
- Унаа кыймылы күчөп турган учурда сыртта чуркап, же машыгып, активдүү кыймылдоодон алыс болуңуз;
- Абанын сапатына байкоо салуу үчүн Play Market, App Store аркылуу атайын тиркемелерди уюлдук телефонуңузга көчүрүп алыңыз.
- Кимдир-бирөө желим же таштанды жагып жатканын көрсөңүз, төмөнкү телефондорго дароо чалыңыз. Мэрия дароо чара көрүүнү убадалайт.