Кичинекей кыздын көчөдө тартылган сүрөтү соцтармак колдонуучуларын чаташтырды. Оптикалык иллюзиядан улам көптөрү секелек кыздын буттары өтө эле арык экен деген ойго келишкен.
Сүрөттө кыз колуна попкорн салынган желим баштык кармап, көчөдө турат. Чөптүн өңү попкорндун өңүнө окшош болгондуктан жана желим баштык буттун көп бөлүгүн жаап калгандыктан, бөбөктүн буту илмийип, такыр эле ичке көрүнүп калган.
Сүрөт 25-ноябрь күнү эртең менен Reddit сайтында пайда болуп, кийин Пикабу, «ВКонтакте» жана Твиттерге жарыяланган. Учурда сүрөт 94 миң лайк жана миңге жакын комментарий топтогону айтылат.