Аскердик прокуратура «Апрель» телеканалына эфирге чыгууга тыюу салды

Автор -

Аскердик прокуратура «Санарип технологиялар» ЖЧКсына «Апрель» телеканалына эфир берүүгө тыюу салды. Бул тууралуу April.kg сайтынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 26-ноябрда «Санарип технологиялар» ЖЧКсынын жетекчиси Кубат Оторбаевдин наамына прокуратурадан кат келген. Эскерте кетсек, бүгүн «Апрель» обого чыгууну максаттап жаткан.

[ads-quote-center cite=’Тергөөчүнүн катынан.’]«Аскердик прокуратура жөнөткөн катта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен «Апрель-ТВ» ЖЧКсынын «Санарип технологиялар» ЖЧКсындагы үлүшү камакка алынганы эскертилет. Тергөөчү Канат Биримкуловдун ою боюнча, үлүштүн мүлктүк камакка алынышы — канал жетекчиси Дмитрий Ложников «Санарип технологиялар» ЖЧКсынан «бир нерсе талап кылууга, ошондой эле, «Апрель» телеканалынын трансляциясына укугу жок» дегенди билдирет экен». [/ads-quote-center]

Ошондой эле, Аскердик прокуратуранын тергөөчүсү «Санарип технологиялар» ЖЧКсынын негиздөөчүлөрүнүн «Апрелдин» эфирге чыгышына уруксат берген жыйынын «мыйзамсыз» деп атаган. Эскерте кетсек, 2019-жылдын 21-ноябрында негиздөөчүлөр жалпы жыйын өткөрүшүп, анда жашыруун добуш берүү жолу аркылуу «Апрель» менен «7-каналга» эфир берүү чечими кабыл алынган. Бул чечимден кийин канал 26-ноябрда обого чыга турганын жарыялаган.

Бирок Аскердик прокуратура бүгүнкү катында бул чечимге каршы чыгып, курамына 21 телеканал кирген «Санарип технологиялар» ЖЧКсынын өзүнүн ишмердигин токтотуп кое турганын айтып коркутту.