Эмилбек Каптагаев Улуттук Стратегиялык изилдөөлөр институтунун башчылыгына дайындады

Автор -

Эмилбек Каптагаев Улуттук Стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору болуп дайындады. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Каптагаевдин аталган мекеменин жетекчи кызматына дайындоо боюнча буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кечээ кол койгон.

Каптагаев өзү бүгүнкү күндө коомчулук бул инсититут жөнүндө, анын миссиясы жөнүндө маалымат аз деп сыпаттайт.

«Бул кызматка макул болуумдун бир себеби ушул болду. Буюрса, институт өз ордун табат деп ойлойм», — деп билдирүү калтырат Эмилбек Каптагаев.

Каптагаев буга чейин Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү