Өкмөт башчы 2020-жылы бажы пункттарынын баары автоматташтырыларын убадалады

Автор -

2020-жылы бажы пункттарынын баары автоматташтырылат. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

«Келе жаткан жылы бажы системасынын иши толугу менен санариптештирилет. Электрондук бажы кызматы болушу керек. Бул адам факторун жок кылуучу эң натыйжалуу жол. Бажы посттору заманбап материалдык-техникалык база менен камсыздандырыла баштады».
Мухаммедкалый Абылгазиев

Өкмөт башчынын айтымында, 2019-жылы 472 видеокамера орнотулган. Мындан сырткары, 5 бажы постторуна инспектордук көзөмөлдөөчү комплекстер коюлду. Ошондой эле өлкөгө аткезчилик жол менен ташылган күйүүчү майга бөгөт коюлат.

«2020-жылдын 1-январынан тарта өлкөдөгү 975 күйүүчү май саткан жайлардын баарын эсепке алган система автоматташтырылат. Анда күнүгө канча көлөмдө май, кайсы түрү куюлуп жатканынын баары санариптик формага алынмакчы. Мындай жол менен аткезчиликти кыскартабыз деп ойлойм»,
деди ал.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү