Жогорку Кеңеш кечээ, 27-ноябрда «Алименттик милдеттенмелерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун карап, анын концепциясын добуш берүүгө жөнөттү. Бул туурасында парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Талкуу учурунда депутат Таалайбек Масабиров азыркы учурда аялдарды эркектер эмес, аялдар күйөөлөрүн таштап кетип жаткан фактылар бар экенин белгилеп, алардын санына кызыкты. Сот департаментинин өкүлү ушу тапта аялынан алимент өндүргөн 142 эркек каттоодо турганын, ошол эле учурда кандайдыр бир себептерден улам алимент өндүрүү өтүнүчү менен кайрылбаган жарандар да бар экенин айтты.
Статистикалык маалыматтарга караганда, соңку 3 жылда ажырашуунун саны улам өсүп барат. Мисалы, 2018-жылы өлкөдө 49579 нике жана 10434 ажырашуу катталган. Мамлекеттик органдарга алименттер боюнча 11700 аткаруу документи келип түшкөн, ошондой эле 28937 аткаруу документи андан аркы жылдан калып калган. Ошентип, сот аткаруучуларында алимент боюнча 40637 карызкор эсепте турат, 831 алимент төлөбөгөн адам издөөдө жүрөт.