Райымбек Матраимов УКМКга суракка чакырылды

Автор -

Бажы мамлекеттик кызматынын жетекчисинин мурунку орун басары Райымбек Матраимов УКМКга суракка чакырылды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз  кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Матраимов бүгүн, 29-ноябрда журналисттик иликтөөдөгү материалдар боюнча «Адам өлтүрүүгө аракет кылуу» беренеси менен ачылган ишке күбө катары суракка чакырылды. Мурунку бажычы иликтөөдө айтылган бардык жагдайлар боюнча суралат.

«Учурда аталган сотко чейинки териштирүүнүн алкагында Айеркен Саймаитиге карата болгон коркутуулар боюнча маалыматтарды толук кандуу жана объективдүү жүргүзүү максатында баардык жагдайларды аныктоого багытталган тиешелүү тергөө иш чаралары жүрүп жатат», -деп билдирет УКМК.

Эскерте кетсек, кечээ, 28-ноябрда УКМК бул иш боюнча Кыргызстандын Стамбулдагы мурунку башкы консулу Эркин Сопоковду тергөөгө чакырып, 48 саатка камакка алган.

 

 

Бөлүшүү