#REакция митинги. КТРК жана «Дело №» гезитинин үстүнөн арыз түштү

Автор -

Массалык маалымат каражаттарына (ММК) түшкөн даттанууларды териштирүү комиссиясына КТРК жана «Дело №» гезитинин үстүнөн арыз түштү. Бул туурасында комиссиянын Фейсбуктагы расмий баракчасында айтылат.

Арыз берүүчү Умай Арыкова 2019-жылдын 25-ноябрында Бишкек шаарында өткөн #REакция митингинин жогоруда аталган ЖМКларда чагылдырылышына нааразычылыгын билдирген.

«Арызда КТРК журналисттери сюжетинде RealTime аттуу фейк ресурска шилтеме беришкени айтылат. Ал ресурс митингге чыккандарды акчага сатылган, батыштын сөзүн сүйлөгөн адамдар катары сыпаттаган. Ал эми 27-ноябрда «Дело №» гезити «Америка дагы бир төңкөрүш даярдап жатат» деген аталыштагы макала жарыялаган»,
— деп билдиришти комиссиядан.

Арыздануучунун пикиринде, мындай жол менен аталган ЖМКлар болуп өткөн митингди сырттан жасалма башкарылган оюн катары көрсөтүшкөн.

«Мындай материалдар КР Баш мыйзамында каралган жарандык акциялардын жана элдин өз эркин чагылдыруусунун баркын кетирет».

Комиссия мүчөлөрү Умай Арыкованын арызын кийинки отурумунда карап чыгышат.  Чечим бир нече жуманын ичинде чыгарылат.

Эскерте кетсек, 25-ноябрда Бишкекте интернет колдонуучулар, активдүү шаар тургундары тарабынан уюшулган тынч митинг өткөн. Акция катышуучулары бийликтен коррупция менен күрөшүүдө чечкиндүү кадамдарды талап кылган.

Элдин митингге чыгышына  Kloop, OCCRP жана «Азаттыктын» Бажыдагы коррупциялык схемалар тууралуу журналисттик иликтөөдө айтылган фактыларга президент, өкмөт башчы, депутат  жана  күч түзүм жетекчилеринин унчукпай жатышы түрткү болгон. Бишкектиктер өлкөдөн акчанын мыйзамсыз чыгарылып кетишине күнөөлүүлөрдүн баарын жоопко тартууну талап кылышууда.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү