Афтандил Жоробековдун жакындары БУУга кайрылды (видео)

Автор -

Камакта отурган активист Афтандил Жоробековдун туугандары аны бошотууга жардам сурап Бириккен Улуттар Уюмуна кайрылышты, деп жазат «Азаттык» .

Жоробековдун бир тууганы Чынара Темирова бүгүн «Фейсбуктагы» жеке баракчасы аркылуу БУУнун Башкы катчысы Антонио Гуттеришке видеокайрылуу жолдоп, Кыргызстандагы демократиялык баалуулуктар коркунучта экенин айтты.

«Менин бир тууганым Афтандил Жоробеков бийликти социалдык түйүндөрдө сындаганы үчүн камалып отурат. Ага каршы ойдон чыгарылган жана негизсиз айыптар коюлууда. Үч күн психологиялык басым жасалып, «эгер УКМК менен кызматташсаң бошотобуз» дешти, бирок ал баш тартып койду. Афтандил пикирин ачык айтуу укугун камсыздоону суранууда»,
деди Чынара Темирова.

Темирова өзү окуган Оксфорд университетинин жетекчилигине да кайрылып, «мамлекеттин мыйзамдуулугу менен натыйжалуулугун камсыз кылууда сөз эркиндигинин ролу канчалык экени» тууралуу билим алганын, бүгүн өзү жардамга муктаж болуп тураганын айтты.

Жарандык активист, «БеспределKG» баракчасынын модератору Жоробековду УКМК «Аймак аралык кастыкты козутту» деген шек менен 24-ноябрда кармаган. Атайын кызмат ага «Интернетке чагымчыл жана учурдагы өкмөттү жамандаган маалыматтарды жайылтып, жапырт нааразылык акцияларын уюштурууга үндөгөн» деген кине коюуда.

«БеспределKGнин» «Фейсбуктагы» баракчасына акыркы учурларда Кыргызстандын бажысындагы коррупциялык иштер жана ал боюнча журналисттик иликтөөдө аты аталган адамдар боюнча маалыматтар байма-бай жарыяланып турган.

 

Бөлүшүү