Депутат музейдеги феминнале үчүн министрди кошо жазалоону сунуштады

Автор -
224

Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт өнөр музейиндеги жылаңач аялдардын көргөзмөсүнүн уюштурулушунда бир гана музейдин директору эмес, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун да жоопкерчилигин кароо керектигин айтты.

Белгилей кетсек, бир жума мурда аталган музейде феминале көргөзмөсү болуп, андагы жылаңачтанган кыздардын жоругу коомчулукта катуу сынга алынган. Анын айынан музейдин директору Мира Жангарачева кызматтан кеткен.

«Жалпы эле Орто Азия эли үчүн ыплас, абийирсиздик деп эсептелген жылаңач аялдардын көргөзмөсү маданияттын туу чокусу болгон музейде уюштурулду. Анда бир гана музей директорунун эмес, маданият министринин да күнөөсү бар. Өкмөт анын да жоопкерчилигин карасын»,
— деди ал.

Депутат өз сөзүндө айрым депутаттарга кайрылып батыш, чыгыш жана башка элдердин маданиятын таңуулаштын кереги жок экенин, аны токтотуу зарылдыгын белгиледи.

 

Бөлүшүү