Журналисттик иликтөөнүн материалдарынын негизинде «Киши өлтүрүүгө аракет жасоо» беренеси менен козголгон кылмыш иши тергөө уланууда. Бул туурасында УКМКдан билдиришти.
Мекеме сотко чейинки териштирүүлөрдүн алкагында УКМКга депутаттар Алтынбек Сулайманов, Дүйшөн Төрөкулов, экс-депутат Ширин Айтматова, КР Мамлекеттик бажы кызматынын мурунку орун басары Р.Матраимов сурак беришкенин билдирет.
Ошондой эле, Кыргызстандын Стамбул шаарындагы мурунку консулу Э.Сопоков дагы деле УКМКнын убактылуу кармоочу жайында экенин кабарлайт.
Буга чейин мекеме «Азаттык медианын» журналисттери Мухамедали (Али) Токтакунов жана Ыдырыс Исаковдор күбө катары суракка чакырылып, бирок келбей жатышканын билдирген.
[ads-quote-center cite=’деп айтылат маалыматта.’]«Тергөө иштери объективдүү жана ар тараптуу өтүшүн камсыз кылуу максатында иликтөө иштери калыс жүргүзүлүп жатат. Тергөө иштеринин жүрүшү коомчулукка ар дайым ачык маалымдалып турат», [/ads-quote-center]