«Акнет» компаниясынын ишмердүүлүгүнө байланышкан сотко чейинки өндүрүш аяктады. Бул туурасында ИИМ билдирди.
Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан «Акнет» ЖЧКсынын президенти К.А. карата кылмыш иши иликтенип, анын жыйынтыгы менен жалпы суммасы 150 миллион сомду түзгөн салыкты төлөөдөн качуу фактысы аныкталган.
Башкы прокуратура «аталган ишти иликтөөнү ИИМдин Тергөө кызматына тапшырган.
Тыкыр иликтөөнүн жүрүшүндө ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан «Акнет» ЖЧКсынын президенти жалпы суммасы 616 млн. 816 миң 112, 70 сомду түзгөн салыкты төлөөдөн качкандыгы боюнча кошумча факты аныкталган. Ушуга эле катар, жалпы суммасы 384 млн. 901 миң 130 сомдук акча каражатын кассага киргизбестен мыйзамсыз эсептен чыгаруу менен ээлеп алуу жана коротуу фактысын аныкташкан», -деп айтылат маалыматта.
Азыркы учурда «Акнет» компаниясынын президенти К.А. карата кылмыш иши
аяктап, Башкы прокуратурага иликтөө жана андан ары сотко жөнөтүү үчүн жиберилди.