Карамушкина менен Кодуранованы психологиялык-психиатриялык экспертизага чакырышты

Автор -

Жогорку Кеңештин эки депутатын, Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарын психологиялык-психиатриялык экспертизага чакырышты. Бул тууралуу эл өкүлү Ирина Карамушкина «Фейсбуктагы» баракчасында билдирди.

Анын айтымында, иш-чара эртең, 10-декабрда өтөт. Депутат мындай экспертизадан өзгөчө оор кылмыш жасоого шектелип жаткандар өтө турганын билдирди.

«Биз бардыгыбыз чогулуп, ким чыныгы ууру жана коррупционер экенин далилдеп жаткан учурда, тергөө шылдың кылуу менен алек. Өлкө боюнча эки эң коркунучтуу аткаминерди табышыптыр, алардын айынан мамлекет алсырап, эл бүк түшүп калган экен!»
деп жазды Карамушкина.

Андан ары депутат президентке кайрылды.

«Сооронбай Жээнбеков, бизди басынтам деп убара болбоңуз, биз түшүнөбүз — акылы жок бийликтин кылган жоруктары да акылсыз болот! Андан көрө Райымды жакшылап коргоңуз»
Ирина Карамушкина

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү