7-декабрда Бишкек-Торугарт автожолунда кырсыкка кабылган Сокулук РИИБинин жетекчиси Максат Чойбеков кызматынан убактылуу бошотулду. Маалыматты Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан кабарлады.
Мекемеден билдиришкендей, Максат Чойбеков катышкан жол кырсыгы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
«Бул окуяны толук жана объективдүү иликтөө үчүн чогултулган материалдар Чүй облустук Ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматына өткөрүлдү. Ал эми Сокулук РИИБинин жетекчиси Максат Чойбеков тергөө аяктаганга чейин кызматынан четтетилди. Тийиштүү медициналык, соттук жана соттук-автотехникалык экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары улантылууда. Бул факты Ички иштер министрлигинин көзөмөлүндө», — деп билдирди маалымат кызматынан.
Окуянын чоо-жайы:
7-декабрда Бишкек-Торугарт жолунда Сокулук РИИБинин жетекчиси Максат Чойбеков өзүнө тиешелүү «Мерседес-Бенц» автоунаасы менен батыштан чыгышты көздөй бара жатып, каршы келе жаткан Мерседес-Спринтер жүк ташуучу унаа менен кагышкан. Натыйжада жүк ташуучу унаанын айдоочусу оор абалда Кант шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.