Режиссёр Мирлан Абдыкалыков Польшада 3 сыйлыкка ээ болду

Автор -

Режиссёр Мирлан Абдыкалыковго Польшадагы эл аралык кинофестивалдын жабылыш салтанатында үч сыйлык ыйгарылды. Бул тууралуу Кинематографияны колдоо департаментине таянып, Sputnik.kg жазды.

Белгилей кетсек, AleKino! деп аталган эл аралык кинофестиваль өтүп, кыргызстандык режиссёрдун «Жөө күлүк» тасмасы тартууланган. Иш-чаранын алкагында Абдыкалыков польшалык окуучулар үчүн мастер-класс өткөнү айтылган.

«Биринчи сыйлыкты Польша кинематографисттеринин ассоциациясы «Балдар үчүн мыкты фильм» номинациясы боюнча берсе, режиссёрдук иши үчүн Ale Debut! сыйлыгы тапшырылды. Мындан тышкары, «Жөө күлүк» эл аралык калыстардын атайын белгилөөсүндөгү тасма болуп калды», — деп айтылат маалыматта.

Жаш көрүүчүлөр үчүн жыл сайын уюштурулуп келген AleKino! эл аралык фестивалы Европанын ири кинофоруму болуп саналып, 10 миңдей киши келет.

Быйыл иш-чарага 41 толук метраждуу, 73 кыска метраждуу тасма катышып, Германия, Франция, Финляндия, Канада, Польша, Австралия, США, Испания, Түштүк Корея, Бразилия, Голландия, Кытай, Ирландия, Норвегия, Бельгия сыяктуу мамлекеттердин фильмдери тартууланды.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү