Бишкекте айдоочу жөө адамдар өтчү өтмөктөн студент кызды сүзүп кетти

Автор -

Бишкектеги «Байчечекей» соода борборунун жанынан 61 жаштагы айдоочу студент кызды сүзүп кетти. Кыздын буту сынды. Бул тууралуу Kaktus.media ЖКККББ басма сөз кызматына таянып, жазып чыкты.

Маалыматка караганда, кырсык бүгүн, 11-декабрда саат 7:30 чамасында Чыңгыз Айтматов көчөсү менен Жаманбаев көчөсүнүн кесилишинде болгон. Жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн өтүп бараткан 18 жаштагы кызды Toyota Highlander унаасынын айдоочусу сүзүп кеткен.

Кырсыктын кесепетинен буту сынган кыз ооруканага жеткирилди. Унаа айып жайга токтотулду. Териштирүү иштери жүрүүдө.

Бөлүшүү