Депутат «эшек эти сатылып» жатканы тууралуу маалыматты текшерүүнү талап кылды

Автор -

12-декабрда өткөн парламент жыйынында депутат Зиядин Жамалдинов «ветеринардык кызматтар азык-түлүккө көзөмөл жүргүзбөй жатат» деп сынга алды. Эл өкүлү интернеттеги «эшек эти сатылууда» деген маалымат текшерилбей жатканын айтты.

«Азык-түлүккө көзөмөлдү күчөтүү керек. Эмнеге ветеринардык кызматтар текшербейт? Өкмөттүн буйругун аткарбайт? Интернетте эшек маселеси көтөрүлүп жатат. Эшек союлуп, сатылууда деген сөздөр чыгууда. Ветеринардык кызмат «текшердик, же текшерген жокпуз» деп жооп бербейт. Алар эмне жумуш кылып жатат?», -деп собол салды депутат.

Интернетте бир жумадан бери эшек союлуп жаткан видео тарап, окуя Кыргызстанда болгону айтылууда.

2015-жылы Бишкекке жакын жердеги айылда эшек союлган касапкана табылып, эти баш калаадагы коомдук тамактануу жайларына жана эт базарларына чыгарылып турганы маалымдалган. Бирок касапкана ээси эшектин эти чет өлкөлүк зоопарктарга жибериле турганын айтып чыккан. Ошол эле жылы Ошто жүздөн ашуун эшек багып жаткан кытай жарандары табылган.
Бөлүшүү