Сеид Атамбаев: ИИМ жетекчисинин курал тууралуу айтканы калп

Автор -
559

ИИМ жетекчиси Кашкар Жунушалиевдин Атамбаевдин үйүнөн табылган куралдар тууралуу айтканы чындыкка дал келбейт.  Бул туурасында экс-президенттин уулу Сеид Атамбаев социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

«Кашкар Жунушалиевдин Жогорку Кеңештин жыйынында  менин атамдын үйүндө табылган куралдардын экөө мага таандык деп айтканы калп жана ал атайын менин кадыр-баркыма көлөкө түшүрүү үчүн айтылган чагым сөз», -дейт Сеид Атамбаев.

Эскерте кетсек, бүгүн ИИМ жетекчиси Жогорку Кеңештин жыйынында Атамбаевдин үйүнөн 8 курал алынганын, анын экөө уулу Сеидге, калгандары экс-президентке таандык болгонун маалымдаган.

Бөлүшүү