Балдарын сабап, видеосун күйөөсүнө жөнөткөн келиндин өздүгү аныкталды

Автор -
2484

«Атаңды чакыр» деп уулун сабап жаткан келин Өзгөн районунун Ана-Кызыл айылынын тургуну. Бул маалыматты Turmush порталы жазып чыкты.

Маалыматка караганда, 30 жаштагы К.М.нын 3 баласы бар. Күйөөсү 7-8 жылдан бери Москвада иштейт.

«Келин жакында эле жолдошунун артынан 1 уул, 1 кызы менен Москвага кеткен. Видео Москвада тартылган. Ал жакта эмне болгону белгисиз. Келин видеону тартып, жолдошуна жөнөткөн. Видеону ким социалдык тармактарга таратканы азырынча белгисиз», — деп билдиришкен Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл өкмөтүнөн.

Ал эми Ош ОИИБден учурда тактоо иштери жүрүп жатканын айтышты.

Бөлүшүү