Кения мамлекетинин борбору Найроби шаарында жергиликтүү тургун өзүн жумушка алуу өтүнүчү жазылган плакат менен президенттин кортежинин алдынан чыкты. Бул тууралуу Alugy сайты кабарлады.
Өлкө президенти Ухуру Кениатанын кортежи Африка, Кариб бассейни жана Тынч океан өлкөлөрүнүн уюмунун (АКТ) 9-саммити өткөн Эл аралык конференц-борбордон кайтып келе жаткан.
Автоколоннанын жолун колуна жумуш сураган плакат кармаган Увиналис Нябуто тозгон.
Кагазда «Улуу даражалуум, кичипейилдикке мага Кениянын куралдуу күчтөрүнө кошулууга мүмкүнчүлүк бериңизчи. Сиздин коопсуздугуңузду бузганым үчүн кечирим сурайм» деп жазылган.
Полиция Нябутонун плакатын тартып алып, өзүн камакка алды. Ал полиция бөлүмүнө жеткирилди.