Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташы, Жогорку Кеңештин депутаты Асель Кодуранова саат 10:00дө ИИМге сурак берүү үчүн кирип кетти. Бул тууралуу КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.
Эскерте кетсек, кечээ, 12-декабрда экс-депутат Равшан Жээнбеков күндүз суракка чакырылып, түнгө маал Жазык кодексинин «барымтага алуу» жана «массалык башаламандыкты уюштуруу» беренеси боюнча шектелип камакка алынганы белгилүү болгон.
Асель Кодуранова менен Ирина Карамушкина 7-августтагы Кой-Ташта болгон окуяларда жоокерлерди барымтага алууга шектелип жатат. Сот аларды үй камагына кое берген.