Батукаевдин иши боюнча сотко Алмазбек Атамбаев катышат

Автор -

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз чыгарылышы боюнча сотко  мурдагы президент Алмазбек Атамбаев катышат. Бул тууралуу анын жактоочуларынын бири Замир Жоошев маалымат каражаттарына билдирди.

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда бүгүн, 17-декабрда саат 14:00гө Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу соттук отурум белгиленген.

Атамбаев кримтөбөл Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу жана бир катар оор беренелер менен айыпталууда. Аталган иш менен мурдагы баш прокурорлор Аида Салянова, Индира Жолдубаева баш болгон ондон ашуун мурдагы жетекчиге, дарыгерлерге айып коюлган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү