Күчтөп алып келген Сапар Исаковду кайра сот залынан чыгарып жиберишти (видео)

Автор -
939

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Тарых музейин реконструкциялоо жана Чолпон-Атадагы ат майданды калыбына келтирүүдөгү коррупция боюнча ачылган иш каралып баштады, деп билдирет 24.kg.

Сот судья Марат Сыдыковдун төрагалыгы алдында өтүүдө. Отурумга айыпталуучу Сапар Исаковду алгач мажбурлап алып келишип, кайра чыгарып кетишти. Бул айыпталуучунун ага карата күчтөө жана мажбурлоо ыкмалары колдонулганы тууралуу билдирүүсүнөн кийин болду. Сапар Исаков  Сооронбай Жээнбеков менен анын бир тууганына нааразы экенин билдирди.

«Азыр мамлекетти Райым-миллиондор башкарып жатат. Мен каршымын. Эмнеге силер мени күч колдонуп алып келдиңер. Сотту менсиз өткөргүлө, мен макулмун. Мен бул оюндарга катышпайм», — деди айыпталуучу.

Мындан улам судья Марат Сыдыков Сапар Исаковду «соттук териштирүүдөгү тартипти бузуп жатат» деген жүйө менен чыгарып жиберди.

2018-жылдын июлунда Башкы прокуратура Мамлекеттик тарых музейин жаңылоодо жана жаңы жабдууларды сатып алууда бюджеттик каражатты мыйзамсыз колдонуу фактысы менен кылмыш ишин козгогон. Мамлекетке 307 миллион 650 миң сом зыян келтирилгени эсептелген.