Коомдук унаада жүрүү үчүн электрондук билеттер кийинки жумадан баштап сатылат

Автор -

Бишкектеги коомдук транспортторго электрондук билеттер кийинки аптадан тартып сатыла баштайт. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.

Кийинки аптада системаны текшерүү үчүн 2 миң даана билеттер таратылат. Алар адегенде тесттик режимде иштейт.

Буга чейин Бишкекте коомдук унаада жүрүү үчүн электрондук билеттерди колдонуу 2020-жылдан баштап жүргүзүлө баштай турганы маалымдалган.

«Коомдук транспорттогу электрондук билет» системасын ишке киргизүү боюнча тендерди швейцариялык компания утуп алган. Анын алкагында банктык эмес төлөм карталарынын үч түрү чыгарылат. Алар: 1.Унаада акысыз жүрүү үчүн карталар категориясы; 2.Окуучулар үчүн жеңилдетилген карта; 3.Кадимки жеңилдиктери жок төлөм карталары. Бул карталар бири-биринен аталышы жана дизайны менен айырмаланып турат. Ошентип пенсионерлер үчүн атайын жеңилдетилген категориядагы карталар чыгарылат. Компания социалдык фондко сурам жөнөтүп, пенсионерлердин жана жеңилдетилген категория берилчү адамдардын маалыматын тактоодо», — дешкен мэриядан.