Өмүрбек Бабанов «Республика» партиясынын төрагалыгынан кетиши мүмкүн

Автор -

Өмүрбек Бабанов «Республика» партиясынын төрагалыгынан кетиши мүмкүн. Бул тууралуу саясий уюм мүчөлөрүнө таянуу менен 24.kg агенттиги жазды.

Жеке булак билдиргендей, күндүн темасында жаңы лидерди тандоо жана парламенттик шайлоого «Республика» партиясы жалгыз бара турганы тууралуу маселе каралат.

[ads-quote-center cite=’деп билдиришти партиядан.’]«Өмүрбек Бабанов төрагалык кызматтан кетүү тууралуу билдирүү жасашы ыктымал, анын ордуна жаңы башчы дайындалат. Бул орунга эки депутат- Мирлан Жээнчороев жана Кенжебек Бокоев талапкер болушууда», [/ads-quote-center]

Эске салсак, «Ата-Журт» партиясы 2020-жылы шайлоого өз алдынча катыша турганын билдирген.