Атамбаевдин тарапташы Амантур Жамгырчиев үй камагына чыгарылды

Автор -

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Амантур Жамгырчиевди үй камагына чыгарышты. Бул тууралуу 24.kg жазды.

Маалыматка караганда, мындай чечимди Биринчи Май райондук соту кабыл алды. Амантур Жамгырчиев тергөө менен кызматташууга макулдугун бергендиктен, тергөөчүлөр анын баш коргоо чарасын өзгөртүүнү өтүнүшкөн.

Эске салсак, 7-8-августта Кой-Ташта болгон окуялардан кийин мурунку президенттин тарапташтары Амантур Жамгырчиевге, Марат Шаменовго, Алга Кылычевге, Кыяз Смаиловго, президенттик аппараттын мурунку жетекчиси Фарид Ниязовго жана башкаларга «Массалык башаламандык», «Адам өлтүрүү», «Барымтага алуу» беренелери боюнча айыптар тагылган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү