Кыргыз-тажик чек арасы. Учурда кырдаал кандай?

Автор -

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаал учурда салыштырмалуу туруктуу. Бул туурасында Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, чыр-чатакты андан ары күчөтпөө максатында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын такталбаган аймагындагы эки тараптын жарандары тарабынан орнотулган тосмо дубалдарды алуу боюнча иштер жүргүзүлүп башталды.

«Кыргызстандын жараны Баткен облусунун Баткен районунун Көк-Сай жергесинде шарттуу чек ара сызыгына жакын жерден ага бөлүнүп берилген жер тилкесине тосмо дубал урган. Андан кийин 2019-жылдын 16-декабрында Баткен районунун Көк-Таш айылында мамлекеттик чек аранын такталбаган аймагында Тажикстандын жарандары шарттуу чек ара сызыгына жакын жердеги дүкөнүнө канатташ кылып дубал урушкан. Учурда аларды алуу иштери жүрүп жатат», -деп билдирет Мамлекеттик чек ара кызматы.

Коомдук тартипти сактоо максатында укук коргоо органдарынын кызматкерлери чек арага жакын аймактарда кайгуул жүргүзүшүүдө. Баткен облусунда жайгашкан чек ара тарамдары күчөтүлгөн режимде кызмат өтөп жатышат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү