Москвада кыргыз жаранын уурдап кетип, опузалап акча талап кылган кылмышкерлер кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Ушул жылдын декабрь айында Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгүнө Кыргызстандын 36 жаштагы жараны арыз менен кайрылган. Ал Москва шаарынын Нижегородская көчөсүнөн белгисиз адамдар 43 жаштагы байкесин уурдап кетип, токойго алып барышып, бычак менен денесине жаракат келтиришип, 200 000 рубль талап кылышып, мындан соң ай сайын 100 000 рубль берип турасын деп күч колдонуп коркутушканын билдирген.
Аталган факты Россиянын ИИМдин Москва шаарындагы аймактык бөлүмүнө катталып, опузалап талап кылган кылмыштуу топту кармоо боюнча атайын операция жүргүзүлгөн.
Ушул жылдын 12-декабрь күнү акча каражатын накталай алып жаткан жеринен адамды уурдоо, опузалап акча талап кылуу боюнча оор кылмыштарга шектелип жатышкан кыргыз жарандары кармалды.
Алар:
1) 1997-жылы туулган Н.А., Ош облусунун Алай районунун тургуну;
2) 1999-жылы туулган М.М., Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну;
3) 1997-жылы туулган Ш.И., Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну;
4) 1988-жылы туулган И.Д., Ош облусунун тургуну;
Кармоо учурунда алар активдүү каршылык көрсөтүшкөн. Кылмыш жасалган жеринен белгиленген акча каражаты, 3 бычак алынып, алар кылмыш ишинин материалына бекитилди. ИИМ маалыматы боюнча кармалгандардын бирөөсү Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турат.
Жогорудагы факты боюнча Москва шаарынын Тергөө комитети тарабынан РФдин Кылмыш-жаза кодексинин 126-беренесинде (Адамды урдоо), 163-беренесинин 2-бөлүмүнүн а,в пункттарында (Алдын ала бүтүмгө келүү менен зомбулук көрсөтүү аркылуу адамдардын тобу тарабынан опузалап талап кылуу) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголду.
Жогоруда көрсөтүлгөн жарандар тергөөнүн аягына чейин Москва шаарынын Тергөө абагына киргизилди. Азыркы учурда жогорудагыдай кылмыш иштерин тактоо жана аларды жасоого тиешеси барларды аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.
Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү жогорудагы адамдардан жабыр тарткандар болсо, же кандайдыр бир маалыматтарды билген болсоңуздар Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгүнүн +7 (926) 890-87-00 ишеним телефонуна билдирүүңүздөрдү суранат.