2019-жылдын 19-декабры саат 10.30 га карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында кырдаал туруктуу. Бул туурасында Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Укук коргоо органдары коомдук тартипти камсыздашууда жана чек арага жакын аймактарда кайгуул жүргүзүшүүдө. Баткен облусунда жайгашкан чек ара тарамдары күчөтүлгөн режимде кызмат өтөп жатышат.
Тажикстан менен чектешкен чек арадагы өткөрүү жайлары штаттык режимде иш алып барышууда.