Таалайбек Нуралиев ээлеген кызматынан бошотулду

Автор -

Таалайбек Нуралиев Өкмөткө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүк Аппараттан билдиришти.

Нуралиев аталган кызматка ушул жылдын  27-февралында дайындалган болчу.

Таалайбек Нуралиев ички иштер органдарында 1988-жылдан 2018-жылдын январь айына чейин кызмат өтөгөн. Бул аралыкта Ички иштер министрлигинин бир топ бөлүмдөрүнүн кызматтарында, ошондой эле Нарын, Ош, Талас, Баткен, Ысык-Көл ОИИБдин  райондук бөлүмдөрүндө жетекчилик кызматтарда эмгектенип, 2010-жылдын декабрь айынан 2013-жылдын май айына чейин Нарын ОИИБдин  башчысы кызматын аркалаган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү