Өзбекстандын парламентинде этникалык кыргыздар үчүн квота бөлүндү

Автор -

Өзбекстандын Олий Мажлисинде этникалык кыргыздар үчүн да орун берилди. Бул тууралуу тарыхчы Кыяс Молдокасымов Facebok социалдык тармагындагы баракчасына жазып чыкты.

Маалым болгондой, 22-декабрда Өзбекстанда Мыйзам чыгаруу палатасына шайлоо өтөт. Кыяс Молдокасымовдун айтымында, эл өкүлдөр палатасына өтүү үчүн учурда 750 талапкер катталган.

«Бул шайлоонун дагы бир өзгөчөлүгү 750 талапкердин арасында 3 кыргыз катталды. Буюрса шайлоодо 150 депутат тандалса, алардын арасында кыргыздардан да шайлана турган болуп калды. Өзбекстандын эгемендүүлүк жылдарынан бери мындай жагымдуу окуя боло элек болчу», -деп жазат тарыхчы.

Кошумчалай кетсек, тарыхчы Кыяс Молдокасымов учурда Ташкент шаарында Өзбекстандын мамлекеттик архивинде кыргыздарга байланыштуу тарыхий маалыматтарды изилдөө иштери менен алектенип жүрөт.

Бөлүшүү