Айтматованын күйөөсүнүн дагы бир кылмыш ишке тиешеси бары-жогу териштирилүүдө

Автор -

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ширин Айтматованын күйөөсүнүн дагы бир кылмыш ишке тиешеси бары-жогу териштирилүүдө. Бул туурасында ИИМден билдиришти.

Сотко чейинки өндүрүш «иштин бардык жагдайларын аныктоо, объективдүү иликтөө жана Сыргак Кенжебаевдин ыктымал катыштыгын аныктоо» максатында жүргүзүлүп жатканы айтылды.

Мекеменин маалыматына караганда, Виктор Гавришев аттуу бишкектик тургун Айтматованын күйөөсү Кенжебаев Бишкек милициясынын тергөөчүсү У.Биялиев жана орусиялык жаран С.Богданов менен бирге 2013-жылы мыйзамсыз ишке барганын айтып, президентке жана башкы прокурорго арызданган.

2013-жылы 11-ноябрда Башкы прокуратура Егор Гавришев деген кыргызстандык башка адамдар менен бирге жалпы баасы дээрлик 809 миң долларлык 810 даана спутник телефондорун 20 миллион сомдук бажы төлөмдөрүн төлөбөй Кыргызстанга ташып киргени боюнча кылмыш ишин козгогон.

Жазык кодексинин «Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Шалаакылык» беренелери менен козголгон иш ИИМдин Тергөө кызматына тапшырылып, ошол эле жылдын 13-сентябрында С.Богданов телефондор боюнча тийиштүү документтердин көчүрмөсүн көрсөткөн.

Ал эми 17-декабрда Егор Гавришев кайда экени белгисиз болгондуктан Жазык кодексинин «Аткезчилик» жана «Бажы жыйымдарын төлөөдөн четтөө» беренелеринин негизинде сыртынан кылмыш жообуна тартылган.

2019-жылдын 19-февралында Егор Гавришев «Манас» аэропортунан кармалып, 20-февралда «Экономикалык аткезчилик» беренеси боюнча үй камагына алынган.

Иликтөө учурунда Егор Гавришевдин атасы Виктор Гавришев уулуна карата кылмыш ишин жасалма жол менен ачтырууга тергөөчү У.Баялиев жана Сыргак Кенжебаев аркылуу орус жараны С.Богданов айыптуу экенин айтып арызданганы белгилүү болду.
Буга чейин УКМК Ширин Айтматованын жолдошу Сыргак Кенжебаев кытай жаранынан 350 миң долларды алдап алууга шектелип кармалганын билдирген эле.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү