Кара-Суу районунда жол кырсыгынан 3 жаштагы кыз каза болду. Бул туурасында өздүк булактарына таянып, Турмуш агенттиги жазды.
Маалыматты Кара-Суу райондук ооруканасынан да тастыкташкан.
18-декабрь күнү эртең мененки саат 9:00дө жол кырсыгынан улам 2016-жылы туулган К.Т. ооруканага жеткирилген. Дарыгерлердин айтымында, кыз ооруканага жетпей каза болгон.