«Республикада» лидер алмашты. Бабанов саясаттан кетти 

Автор -
308

«Республика» саясий партиясынын негиздөөчүсү Өмүрбек Бабанов саясаттан кетти. Бул тууралуу бүгүн, 20-декабрда Бишкекте өткөн «Республика» саясий партиясынын кезексиз съездинде белгилүү болду.

Маалыматка караганда, Айсулуу Молдалиева партиянын төрайымы кызматынан бошотулду. Буга чейин партиянын саясий кеңешинде 28 мүчө болсо, азыр алардын саны он жетиге кыскарды. Ревизиялык комиссиянын мүчөлөрү үчтөн бешке  көбөйтүлдү.

Партия лидери Өмүрбек Бабанов партиядагы ишмердүүлүгүн токтотуп жатканын жар салды. Анын ордуна «Республика» партиясынын лидерлигине Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев бир добуштан шайланды.

Эскерте кетсек, Өмүрбек Бабанов 2017-жылы президенттик шайлоодон кийин мандатын тапшырып, саясаттан кеткенин жарыялаган болчу.