Сооронбай Жээнбеков Санкт-Петербург шаарына учуп кетти

Автор -
234

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-декабрда Санкт-Петербург  шаарына учуп кетти. Ал жакта Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин (ЖЕЭК) кезектеги жыйынына катышат, деп билдиришти президенттик аппараттан.

ЖЕЭКтин жыйындарында чакан жана кеңири курамдагы сүйлөшүүлөрүнөн сырткары КМШга катышуучу мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусу өтөт.

Президентти коштоп кеткендер:

  • Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков,
  • Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков,
  • Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Аликбек Жекшенкулов,
  • Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков
  • Экономика министри Санжар Муканбетов.