Экс-мэрлердин соту. Кулматов бошотулуп, Ибраимов 15 жылга кесилди

Автор -

Бишкектин Ленин райондук сотунда бүгүн, 23-декабрда экс-мэрлерге ачылган кылмыш иши боюнча териштирүү аяктап, сот өкүмү чыкты.

Соттун чечими менен Албек Ибраимов 15 жылга эркинен ажыратылып, Кубанычбек Кулматов 5 миллион сомдук айыпка жыгылуу менен сот залынан бошотулду.

Буга чейин прокурорлор Албек Ибраимовду 20 жылга, Кубанычбек Кулматовду 15 жылга эркинен ажыратууну суранышкан.

Эскерте кетсек, Кубанычбек Кулматов «Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууга кеткен 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деп шектелип, 2018-жылдын июнь айында камакка алынган.

Ибраимовго «Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген, «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлуп, 2018-жылдын июль айында камакка алынган. Экс-мэрлердин кылмыш иштерин бириктирип кароо тууралуу чечимди Ленин райондук соту ушул жылдын 6-мартында кабыл алган. Бул иштерге байланыштуу жалпысынан 14 адамга айып коюлган.

 

 

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү