Парламент «Бак-дарактарды отургузуунун жалпы улуттук күнүн» киргизүүнү демилгеледи

Автор -

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети март айынын үчүнчү ишембисин «Бак-дарактарды отургузуунун жалпы улуттук күнү» деп жарыялоону демилгеледи. Бул туурасында бүгүн, 23-декабрда парламенттин маалымат кызматы кабарлады.

Токтом долбоору депутат Айнуру Алтыбаева тарабынан демилгеленди. Долбоор экологиялык жана санитардык абалды жакшыртуу, республикадагы шаарлар менен калктуу конуштардын аймактарын жашылдандыруу, бак-дарак аянттарын көрктөндүрүүнү жана көбөйтүүнү колдоо максатында даярдалган. Ошондой эле атмосфералык абаны булгоочу заттардын концентрациясы көбөйүп жаткандыгы да бул токтом долбоорунун иштелип чыгышына себеп болгон.

Демилгечи депутат айымдын айтымында, бак-дарак отургузуу күнү сыяктуу күндөр Орусияда, Казакстанда, Кытайда жана башка бир катар өлкөлөрдө белгиленип, өз натыйжасын берип келүүдө.

Долбоорго ылайык, ар жылдын март айынын үчүнчү аптасынын ишемби күнүн Бак-дарактарды отургузуунун жалпы улуттук күнү деп жарыялоо менен облус, район, шаар бийликтери бак-дарак көчөттөрүн отургузуу, аларды асыроо жана сактоо иш-чараларын көрөт.

 

 

Бөлүшүү