Бүгүнтөн тарта айдоочулук күбөлүктөр башка даректе берилип баштайт

Автор -

24-декабрдан тартып айдоочулук күбөлүктөрдү берүү Ауэзов көч., 1/5 дареги боюнча жүзөгө ашырылат. Бул туурасында Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

[ads-quote-center cite=’ деп айтылат маалыматта.’]«Унаа» мамлекеттик мекемесинде кайрылуулардын ири агымын көңүлгө алуу менен, келген адамдардын топтолуусун кыскартуу максаттарында айдоочулук күбөлүктөрдү берүү бөлүмүн Ауэзов көч., 1/5 дарегинде жайгашкан КТБ-4түн имаратына, 1-кабатка убактылуу көчүрүү чечими кабыл алынды. Документтерди кабыл алуу жана тариздетүү «Унаа» бөлүмүндө: Лебединовка а., Жеңиш пр.,  121«Б» дареги боюнча жүргүзүлөт»,[/ads-quote-center]

9-декабрдан тартып жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдү берүүгө анкета арыздарды кабыл алуу башталды. Даярдоо мөөнөтү, документтерди кабыл алуу күнүн эсепке албастан 4 жумуш күндү түзөт. Документтин даяр болгондугу тууралуу арыз берүүчү мобилдик номерине смс-билдирүү алат.

Бардык мүмкүн болгон маселелер боюнча (312) 62-41-40 телефону боюнча  кайрылууңуздарды сунуштайбыз.