Албек Ибраимовго чыккан өкүм: 147 жер тилкесин, 5 дачасын мамлекетке өткөрүү жана 15 жыл

Автор -
355

Бишкектин экс-мэри Албек Ибраимов бир нече ирет кылмыш жасоого күнөөлүү деп табылып, 15 жылга кесилди. Бул тууралуу Бишкектин Ленин райондук сотунан билдиришти.

Кечээ, 23-декабрда экс-мэрлерге козголгон кылмыш иши боюнча териштирүү жыйынтыкталып, сот өкүмү чыккан. Анда Кубанычбек Кулматов, Сталбек Өмүрканов, Кубат Шаршекеев, Сейиткан Алиевдер сот залынан бошотулуп, жалгыз  Албек Ибраимов 15 жылга эркинен ажыратылган.

«Албек Ибраимов КР Кылмыш жана жаза кодексинин 43, 171, 205, 320-беренелеринде көрсөтүлгөн кылмыштарга айыпталып жаткан. Анын ичинен 171-берене —  «Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу» боюнча козголгон иш жазага тартуу мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу токтотулду. Ал эми, 320, 43, 205-беренелер боюнча күнөөлүү деп табылып, 3 жыл мамлекеттик кызматка келүү укугунан ажыроо менен 15 жылга кесилди. Жаза өтөө мөөнөтү 2018-жылдын 19-июлунан бери эсептелип, Тергөө абагында отурган ар бир күнү эки күнгө тете болот», -деп билдиришти райондук соттон.

Ошондой эле, иштин жагдайларын, келтирилген чыгымды, кылмыштын бир нече жолу жасалганын эске алуу менен Албек Ибраимовго жана анын жубайы Айнура Ибраимовага таандык мүлктөрүн конфискациялоо чечими чыккан. Алар: Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айылында 2008-жылдан 2016-жылга чейин сатып алган 147 жер тилкеси,  5 дача, 2014-жылы чыккан «Тойота-Рав4» үлгүсүндөгү унаа, «Мурас» дыйкан чарбасы, «Уздар Трейд» ЖЧКсы жана «Евразиялык Сактык банкында» катталган бир катар үлүштөр.

Андан сырткары, Албек Ибраимов, Кубанычбек Кулматов, Сталбек Өмүрканов, Кубат Шаршекеев, Сейиткан Алиевден «Калыс-Ордо» конушунда мектеп куруу эпизоду боюнча Бишкек мэриясынын пайдасына 94 млн.864 миң 180 сом өндүрүлгөн.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү