Казарман айылында чыккан өрттөн 6 жаштагы кыз каза болду

Автор -

Жалал-Абад облусуна караштуу Казарман айылында кечээ, 23-декабрда чыккан өрттөн Н. кызы А. аттуу 6 жашар кыз каза болду. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка караганда, бөлмөдөгү терезе парда күйгөн. Өрт өчүрүүчүлөргө жалынды токтотууга бир саатка жакын убакыт керектелген. Кырсыктын келип чыгышына электр жабдууларын туура эмес колдонуу себеп болгону айтылат.

Ал эми бүгүн таңда Кант шаарында өрт кырсыгынан 51 жаштагы эркек киши каза тапты. Анын бөлмөсү өрттөнүп кеткен. Кырсыктын келип чыгышы такталууда.