Кыргызстандык мигранттар интернеттеги шылуунга бир млн. сомдон ашуун акчасын алдатышты

Автор -

Россиянын Петербург шаарында эки кыргыз аял интернеттеги шылуунга бир миллион сомдон ашуун акчасын алдырып жиберишти. Бул тууралуу орусиялык басылмалар күч түзүмдөрүнө таянып, жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, 17-декабрда Калинин райондук полициясына кыргызстандык мигрант аял арызданып кайрылган. Анын айтымында, интернеттен Бишкекте батир сатылып жатканы тууралуу жарнама тапкан. Эркек киши бир аз жазышкандан кийин батирдин акчасынын бир бөлүгүн алдын ала төлөөнү суранган. Жабырлануучу өзүнүн тууганынын атына 400 миң рубль которуп, бир нече күн өткөндөн кийин акча эсептен алынганын байкаган. Сатуучу ошол боюнча байланышка чыккан эмес.

Ошол эле күнү дагы бир кыргызстандык аял полицияга кайрылган. Ал дагы ушундай окуяга туш болгон, бирок көбүрөөк акчасын алдатып ийген  — 595 миң рубль.

Эки учурда тең акча Тюмендеги такталбаган мигранттардын эсебине түшкөнү белгиленет. Алар Россиянын аймагында каттоого турган эмес. Полиция  «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш ишин козгоду.