Ноокат районунда шахтанын ичинде калган эркек киши изделүүдө

Автор -

Ноокат районунда шахтанын ичинде калган эркек киши изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ куткаруучуларга Баглан айылына жакын жерде жайгашкан шахтаны суу каптап, шахтанын ичинде 23 жаштагы жаран калып калганы тууралуу кабарлашкан.

Шахтадагы сууну сордуруп, издөө иштерин жүргүзүү үчүн 10 куткаруучу тартылып, учурда иштер улануда.