Бишкектин Ленин районунда 366 адам СПИД менен ооруйт

Автор -

Ушул жылдын 1-январына карата Бишкекте ВИЧ менен жабыркаган 1 миң 498 киши каттоого алынган. Алардын 169у каза болду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Бүгүн Ленин райондук акимчилигинде социалдык-маанилүү жана өтө коркунучтуу инфекциялык оорулар боюнча координациялык кеңештин жумушчу жыйыны болду. Анда тиешелүү жетекчилик ВИЧ-инфекциясын, гепатит жана башка социалдык-маанилүү ооруларды жеңүү боюнча программаны ишке ашыруу маселесин талкуулашты.

Маалыматка ылайык, Ленин районунда ВИЧ менен жабыркаган 366 киши жашайт.

Жыйындын жыйынтыгында профилактикалык иштерди (шаар тургундары жана балдар үчүн тренингдерди өткөрүү) көбөйтүү чечими кабыл алынды.

Бөлүшүү