Президент: Атамбаев мени да, өзүн да туңгуюкка кептеп салды

Автор -

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин тагдыры мени да түйшөлтөт, деди президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-декабрдагы маалымат жыйын учурунда. Бул туурасында ал журналисттин суроосуна жооп берип жатып айтты.

«Алмазбек Атамбаевдин азыркы абалы мага да баары бир эмес. Экөөбүз үзөнгүлөш болчубуз. Эң оор жылдары чогуу болдук, биздин мамлекеттин, менин, анын оор күндөрүндө чогуу жүрдүк. Бардык режимдер менен чогуу күрөштүк.

Анан эми бул маселе оңой маселе эмес. Мен президент болгондон бери бир да сөз айткан жокмун. Мага мамлекеттин, элдин биримдиги менен тынчтыгы менин тагдырыман жана абийиримен бийик турду. Кантип айтса да, эмне кылып жатса да, көңүл бурган жокмун. Өзүңөр баа бергиле, эмне деген сөздөр  айтылып жатты. Кийинки убакта мамлекетти экиге бөлгөнгө аракеттер болуп атты. Мен күттүм, акырында өзүн да, мени да, мамлекетти да туңгуюкка кептеп салды. Эми анын тагдыры сот бийлигинин колунда. Кечээ жакында ага парламент баа берди. Мен бирдеме кошуп айта албайм, бул менин да жүрөгүмдү оорутат. Мен азыр бир адамдын эмес, элдин кызыкчылыгын коргогонго өттүм. Мени эмне күтөт келечекте, ал Кудайдын колунда. «Мен мыйзамдын астында, Кудайдын астында жооп берем» деп таза иштеп, таза жүрсөк иштин баары жакшы болот».