Сооронбай Жээнбеков Феминнале көргөзмөсүн колдобой турганын билдирди

Автор -
226

Бүгүн, 25-декабрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденцияда президент Сооронбай Жээнбеков жыл жыйынтыгын чыгарып, журналисттер үчүн маалымат жыйын өткөрүп жатат. Анда Бишкекте ноябрда өткөн Феминнале көргөзмөсү тууралууу суроо жолдонду.

Өлкө башчы бул көргөзмөнү колдобой турганын билдирди.

«Ата-бабаларыбыз аялзатына аяр мамиле кылып келген. Биздин апаларыбыз ак элечекчен, ыйманы менен жүргөн. Музейдеги аялдардын жылаңачтанып коомчулукка чыгарылышы- аялдарды кемсинтүү. Кээ бир саясатчылар уюштуруучуларга болушуп чыгышты. Илгери деле кыргызда «Төө чечмей» болгон дешти. Бул-мазактоо», -деди президент.

Эскерте кетсек, 27-ноябрда Гапар Айтиев атындагы көркөм өнөр музейинде аялдардын укуктарын жактаган 17 күндүк Феминнале көргөзмөсү ызы-чуу менен коштолгон.

Денесин сатып иштөөгө мажбур болгондордун көйгөйүн чагылдырган экспонат катары чыккан жылаңач аял социалдык тармактарда талкууга түшүп, «нарк-насилге доо кетирди» деп нааразылык күчөгөн. Андан тышкары, ич кийим элесиндеги экспонатка сын айтылган. Каршы чыккандар буга кескин чара көрүүнү талап кылышкан.

Мындан улам, 2-декабрда көргөзмөдөгү айрым экспонаттар алынып, музейдин директору Мира Жангарачева кызматкерлердин коопсуздугуна байланыштуу деп иштен кеткен. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги көргөзмөнү сындап, парламенттин айрым депутаттары да нааразылык билдиришкен.

Мурдагы президент Роза Отунбаева көргөзмөнүн максатын колдоп, көйгөйдү көтөргөн маанилүү иш-чара экенин айткан.