Коррупция менен күрөш тандалма жүргөн жок. Бул туурасында Сооронбай Жээнбеков бүгүнкү жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
«Коррупция менен күрөш тандалма жүрүп атат, репрессия болууда деген сөздөр айтылууда, угуп жатам. Тандалма жүргөн жок. 2018-жылы Коопсуздук кеңешинин жыйынында коррупцияга каршы катуу сындарды айткам. Январь айында Коопсуздук кеңешинин жыйынында жыйынтык чыгарабыз. Коррупция менен күрөш оңой эмес экенин билчүмүн, бүгүн жон терим менен сезип жатам. Мага деле кыйын. Күрөшүү үчүн команда керек. Бир эле ЖЭБ эмес, башка тармакта деле күрөш жүрүүдө. Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына айылдардын деңгээлине түшпөгүлө, жогорку деңгээлдеги коррупция менен күрөшкүлө дедим. Күрөш токтобойт, жыйынтыктар дагы болот», — деди президент.
Эскерте кетсек, бүгүн, 25-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков жылды жыйынтыктаган маалымат жыйынын өткөрүп жатат. Жыйынга катышуу үчүн 188 журналист аккредитациядан өткөн. Алардын ичинен 1160 жергиликтүү журналисттер болсо, он беши чет өлкөлүк ММК өкүлдөрү.