Бишкекте келерки жылдан баштап Австрияга виза алууга болот

Автор -

Австрияга виза алууну каалагандар эми Казакстандын Нур-Султан шаарына барып отурбай, Бишкектен ачтырса болот. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Аталган өлкөнүн Казакстандагы элчилигинин Нур-Султан шаарында 5-январдан тарта VFS деп аталган документтерди кабыл алуучу виза борбору ишин баштагандыктан, анын Бишкекте да бөлүмү ачылгандыгы кабарланды. Ал Ибраимов, 103 дарегиндеги Victory бизнес борборунун 11-кабатында жайгашкан.

Эске салсак, жаңы жылдан тарта Германиянын Кыргызстандагы элчилиги бир нече мамлекетке виза берүү ишин токтоткон эле. Анын ичинде Австрия да болгон.
Аталган мамлекетке виза алуу үчүн 2020-жылдын 1-январынан тарта Австрияга сапар алгандардын Нур-Султан шаарындагы Австриянын элчилигине кайрылуусу керектиги айтылган.

ТИМдин бүгүнкү маалыматында виза алуу шарттары жана документтерди тапшыруу үчүн кабыл алууга шилтемеси аркылуу жазылууга болорун кабарлашты. Андан сырткары, +996-312-979261 телефон номерлерине чалып байланышса болот.

Чектелген мөөнөт учурунда виза алуу үчүн документтерди Алматыда VFS компаниясынын Виза борборуна да тапшырууга болот. Алдын ала жазылуу үчүн www.vfsglobal.com/austria/kazakhstan шилтемеси менен кирсе болот.