Аялды тебелеп кеткен маршрутканын айдоочусу кармалган жок. Бул тууралуу Бишкек милициясынан билдиришти.
Маркум 1964-жылы туулган Ш.В. аттуу жаран экени аныкталды. Азырынча зарыл болгон соттук-медициналык экспертизалар жүргүзүлүүдө.
Ведомстводон кошумчалашкандай, учурда Жазык кодексинин 297-беренесине (Жол кыймылынын жана автомототранспортту колдонуунун эрежелерин бузуу) ылайык, сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.
Кечээ, 25-декабрь күнү, Бишкектеги Байтик баатыр менен Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде аялды маршрутка сүзүп кетип, ал ошол жерден каза болду деген маалымат тараган. Көп өтпөй Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы №164 маршрутканын айдоочусу унааны башкара албай калып 41 жаштагы аялды сүзүп кеткенин билдирген.
Бирок кийин кырсык аял маршруткадан түшкөн соң тайып кетип жыгылганда болгону ачык көрүнгөн видео тарады.