ИИМ КСДП жетекчилигин суракка алат

Автор -

КСДП партиясынын бардык жетекчилери ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына суракка чакырылды. Бул тууралуу партиянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, КСДП төрайымынын милдетин аткаруучу Асель Кодуранова, анын орун басарлары Ирина Карамушкина жана Кундуз Жолдубаева, Саясий кеңештин мүчөсү Мээрбек Мискенбаев бүгүн, 26-декабрда саат 15:00дө суракка келиши керек.

Кайсы иш боюнча жана кандай макамда чакырылышканы тууралуу айтылган жок.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү